18 жашка чейинкилерге электросамокат тебүүгө тыюу салуу сунушталууда

17-ноябрда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында электросамокат, скутер жана мопеддерди пайдаланууну жөнгө салган мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда каралды.
Демилгечилер — депутаттар Медер Чотонов, Түмөнбаев, Козуев, Эгенбердиева, Ибрагимов, Чойбеков, Баатырова, Сурабалдиева жана Өмүрзаков «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Документ жол коопсуздугун камсыздоо жана ижара кызматтарын укуктук жактан жөнгө салуу максатын көздөйт. Ага ылайык, 18 жашка толо элек жарандарга электросамокат тебүүгө тыюу салынат. Депутат Чотоновдун маалыматы боюнча, мыйзам долбоору бардык экспертизалардан өткөн жана бюджеттен кошумча чыгым талап кылбайт.
Талкуу учурунда депутат Улукбек Узакбаев жашы жете электер катышкан кырсыктар боюнча так статистиканы сурады. Чотонов ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы курак боюнча өзүнчө эсеп жүргүзбөгөнүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат суралбаганын жана кырсыктардын 90%га жакыны расмий катталбай каларын билдирди. Узакбаев ооруканаларда жана милицияда жашы жете электер боюнча өзүнчө журналдар бар экенин айтып, долбоордогу укуктук мүчүлүштүктөргө токтолду.
«Мыйзам долбоорунда 18 жашка чейинкилерге ижарага берүүгө тыюу салынып жатат. Бирок анын агасы өзүнүн тиркемеси же QR-коду аркылуу 15 жаштагы инисине самокатты ижарага алып берсе, же ата-энеси баласына самокат сатып берсе кандай болот? Аны ким аныктайт жана айып пул кимге салынат?», — деди ал.
Ал курактык чектөөнүн ордуна кыймыл көп көчөлөрдө самокат тебүүгө тыюу салып, эс алуу жайларында уруксат берүүнү сунуштады. Авторлоштор мыйзам бузуу субъектиси (ата-эне, ижарага берүүчү компания же башка тарап) так аныкталбай калганын моюнга алышты.
Депутат Болотбек Борбиев курактык чектөөдөгү карама-каршылыкты көрсөттү.
«Мыйзам долбоорунда 18 жашка чыга электерге чектөө каралган. Ал эми мопед жана мотоциклдерге айдоочулук күбөлүк 16 жаштан берилет. Анда 16 жашында күбөлүк алган жаран скутер тебе албай калабы? Ушул жагдайларды экинчи окууда тактап карап чыгышыбыз керек», — деди ал.
Депутат Нурбек Сыдыгалиев да паспорт 16 жаштан берилерин жүйө келтирип, чекти 16 жашка түшүрүүнү сунуштады. Ошондой эле депутаттар экинчи окууда жеке менчиктеги самокаттарды мыйзамга кошуу, ылдамдыкты чектөө, тротуарда жүрүү эрежелерин жана айып пул салуу механизмдерин тактоо демилгесин көтөрүштү.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылып, корутундунун көчүрмөсү жалпылоо үчүн Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жиберилмей болду.



