Коом

Бишкек мэри жыл жаңырары менен шаарга 60 чакан автобус келерин айтты

Келе жаткан жылдын 20-январына чейин Бишкекке 60 жаңы чакан автобус келет. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңеш комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда шаарда 1631 автобус каттап жатат. Бирок дагы 600дөн ашык чакан автобус жетишпейт. Муниципалитет жеке компания менен 500 миллион сомдук келишим түзгөн.

«Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. 20-январга чейин шаарга 60 чакан автобус келет. Бул багыттагы иштерди улантабыз», — деди мэр.

Жунушалиев буга чейин жаңы автобустар конуштарга каттай турганын билдирген.

Тектеш кабарлар

Back to top button