Коом

Архив кызматынын 100 жылдыгы белгиленүүдө

Бишкекте Кыргызстандын Архив кызматынын 100 жылдыгы белгиленүүдө.

Өлкөнүн архив кызматынын тутуму 1926-жылы түзүлгөн, ал эми бүгүнкү күндө республиканын мамлекеттик архивдери тарыхый жана коомдук баалуулукка ээ документтерди сактайт.

Архив кызматын түзүү 1926-жылдын 30-августунда Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитети «Кыргыз автономиялуу облусунда архив иштерин уюштуруу жана анын аймагындагы мекемелердеги архив материалдарын иретке келтирүү жөнүндө» токтомду кабыл алуусу менен башталган.

1926-жылдын 1-сентябрында Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин алдында Архив бюросу уюштурулган. 1927-жылдын мартында ал Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин алдындагы Борбордук архив башкармалыгына өзгөртүлгөн.

1930-жылы округдар менен кантондор жоюлгандан кийин архив мекемелери кайра уюштурулган. Ош жана Каракол шаардык архивдери, ошондой эле Нарын райондук архиви түзүлгөн. 1931–1937-жылдары республиканын бардык райондорунда архивдер пайда болуп, алардын жалпы саны 45ке жеткен.

Кийинки он жылдыктарда архив тутуму түзүмүн жана баш ийүүсүн бир нече жолу өзгөрткөн. 1938-жылы архив мекемелери Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссариатынын карамагына өткөрүлгөн. 1939-жылы Борбордук архив башкармалыгы Ички иштер эл комиссариатынын (НКВД) алдындагы Архив бөлүмүнө өзгөртүлгөн.

1960-жылдан тартып Архив бөлүмү Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин карамагында болгон. 1964-жылы ал Архив башкармалыгына, ал эми 1980-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдындагы Башкы архив башкармалыгына өзгөртүлгөн.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин архив иштерин башкарууну жүзөгө ашырган республикалык орган бир нече жолу кайра уюштурулган.

Учурда Архивдерди санариптештирүү департаменти Президенттин иш башкармалыгынын карамагында.

Кыргызстанда 65 мамлекеттик архив иштейт, анын ичинде үч борбордук архив, жети аймактык башкармалык, Бишкек жана Ош шаарларындагы республикалык деңгээлдеги архивдер, түштүк облустардын аймактар аралык деңгээлдеги Коомдук-саясий документтердин мамлекеттик архиви, ошондой эле 52 райондук жана шаардык архив.

Мамлекеттик архивдердин негизги милдеттери — Улуттук архив фондун калыптандыруу, документтерди сактоо жана эсепке алуу, аларды илимий сүрөттөө жана архив материалдарына жеткиликтүүлүктү камсыздоо.

Тектеш кабарлар

Back to top button