Бишкекте 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектелген эки жаран кармалды

Бишкекте жабырлануучуну 3,8 млн сомдон ашык акчасынан ажыратууга шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, милицияга А.С.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Арызда көрсөтүлгөндөй, 2025-жылдын 25-июнунда белгисиз кишилер WhatsApp мессенжери аркылуу өздөрүн Саламаттыкты сактоо министрлиги, УКМК жана тергөө органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жана ишенимге кирүү жолу менен анын акча каражаттарын ээлеп алышкан.
Шектүүлөр «жашыруун операция» жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, жабырлануучуну 238 миң 970 сом өлчөмүндө насыя алууга, акчаны накталай чыгарып, банкомат аркылуу өздөрү көрсөткөн реквизиттерге которууга, ошондой эле өзүнө таандык турак жайды төмөн баада сатууга көндүрүшкөн. Натыйжада, келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 3 млн 810 миң 470 сомду түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, 2006-жылы туулган М.Б.Б. жана 2003-жылы туулган Р.Б.К. аттуу жарандар кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.



