Окуялар
Аэропортко бара жаткан жолдо «Тазалыктын» жумушчусун унаа коюп кетип, каза болду

Бишкек — Манас жолунда унаа «Тазалык» ишканасынын жумушчусун унаа сүзүп кетип, ал каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук жол милициясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык 22-ноябрда саат 07:53 чамасында болгон. Mercedes-Benz унаасынын 33 жаштагы айдоочусу жолдун ортосун шыпырып жүргөн 66 жаштагы жумушчуну сүзүп, ал ошол жерде каза болгон.
Унаа айып короого токтотулуп, териштирүү жүрүп жатат.



