Тагдыр кошпогон, бирок жүрөктөн өчпөгөн сүйүү

Жашоо өзү ар кыл боёктон турат эмеспи; кимдир бирөөнүкү кубанычка жана бакытка бөлөнсө, дагы бирөөнүкү унутулгус арман менен коштолот. Менин тагдырымда мындай тунук, чыныгы сүйүү биринчи жана акыркы жолу келди деп ишенимдүү айта алам.
Мектепте окуп жүргөн кезибизде эле бир классташ баланын мага болгон жылуу сезими бар экенин кулагым чалып калчу. Ал кезде мен бойлуу элем, ал болсо менден бир аз кыскараак болгону менен, өтө сүйкүмдүү, келбеттүү жигит эле. Кийин баарыбыз студент болуп, ар кимибиз өз жолубузга түштүк. Бир-эки жыл көрүшпөй калган соң, күтүлбөгөн жерден жолугуп калдык. Ошол күнү кенен сүйлөшүп, көптөн берки сагынычты тараткандай болдук. Ошол жолугушуудан тарта экөөбүздүн тең көз карашыбыз өзгөрдү: ал мени балалык курактан чыккан бойго жеткен кыз катары, мен болсо аны башкалардан өзгөчөлөнгөн жакын жан катары сезе баштадым. Жүрөгүбүздө назик сезимдер бүр ачып, сүйүүбүз күн сайын күч алып, экөөбүз кыз-жигит катары сүйлөшүп, баш кошууну самап калдык.
Бир жылдан ашуун убакыт чогуу жүрдүк. Мамилебиздин бир жылдыгында ал мага алтын шакек тагып, өмүр бою эсимден кетпей турган сөз айтканы алигиче көз алдымда: «Жаным, ишенесиңби, бир жылда 365 күн болсо, ошолордун беш эле күнүндө көрүшкөн жокпуз». Көрсө, ал күн сайын үйдүн жанынан өтүп бара жатып да, «Жаным көрүнүп калабы» деп шашып барып, алыстан болсо да бир карап, чекемден өөп кетчү экен. Адамдын баркын жанында жүргөндө дайым эле толук баалай бербейт экенбиз да. Экөөбүз канчалаган бактылуу көз ирмемдерди, күлкүгө жана жылуулукка толгон күндөрдү өткөрдүк. Студенттик кезде таштак көчөлөр менен жөө басканды жакшы көрчүбүз. Мен шиш така кийип алып, «Бутум ооруп жатат» деп эркелеп калсам, жаш баладай аркасына көтөрүп алып, эч чарчабай баса берчү. Жолдун чаңынан бутум бат эле чаңдап калчу; ошону да байкап, жанына дайыма бут сүрткүч салып алчу. «Жаным, карачы» деп, чаңын кылдаттык менен сүртүп, бутума бир да чаң жугузгусу келчү эмес.
Тилекке каршы, бактыбызга көз арткандар да аз эмес эле. Эки жарым жылга чукул сүйлөшүп, келечекти пландап жүргөнүбүздө, ата-энем мамилебизге кескин каршы чыкты. Үйдө жалгыз болгондуктан, «Али жашсыңар, баарын жыйыштыр, жигит деген сөздү угузба» деп, сүйлөшүүгө тыюу салып коюшту. Ошентип, сүйүүбүздүн жолуна бөгөт коюлду. Мен ага барып, үйдөгү абалды айтып, «Сүйлөшпөгөнүбүз туура окшойт, ата-энем каршы болуп жатат» дегенимде, ал муну оңой кабыл ала албай, көпкө чейин ишене албай турду. «Кантип эле сен ошентип айтып коюп, мамилебизди бир заматта бүтүрүп саласың?» деп катуу ызаланды. Экөөбүз тең көз жашыбызды тыя албай ыйладык. Биздин акыркы жолугушуубуз Ататүрк паркында ошол оор коштошуу менен аяктады.
Андан кийин көп убакыт бою жан дүйнөм жабыркап, депрессиядан чыга албай жүрдүм. Ошол кездеги жаштыгыма, чечкинсиздигиме өкүнүп, «Балким, ошондо экөөбүз кол кармашып кетип калсак болмок беле? Же ал чечкиндүүлүк кылып, мени ала качып кетсе эмне?» деп канча жолу ичимен сыздым. Бирок убакытты артка кайтарууга эч айла жок экен. Ошол адамды да, ошол бейкапар, бактылуу күндөрдү да бүгүн да сагынам. Мындай таза, жан дилден берилген сүйүү өмүрдө бир гана жолу келет турбайбы… Арадан көп жыл өтсө да, «Балким, кайтып келер…» деген үмүт менен таң атырып, кеч киргизген күндөрүм аз болгон жок. Азыркы акылым, азыркы тажрыйбам болгондо, ошол кезде эч кимдин сөзүнө карабай, сүйгөнүмдүн жанынан бир кадам да жылмак эмесмин.
Бүгүн анын өзүнүн үй-бүлөсү бар. Мен анын ар дайым аман-эсен, түбөлүк бактылуу болушун чын жүрөктөн тилейм. Тагдырыбыз эки башка жолго түшсө да, сен менин жүрөгүмдө, эң бир ыйык бурчта түбөлүк жашай бересиң — убакыт да, аралык да өчүрө албаган эң таттуу арман жана эң таза сезим болуп.



