Коом

27 — ноябрга карата аба ырайы

27-ноябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

​Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзүп, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин күчөйт.

​Аймактардагы абанын температурасы:

  • ​Чүй жана Нарын облустарында: +4…+9°С
  • ​Талас облусунда: +3…+8°С
  • ​Ош жана Жалал-Абад облустарында: +9…+14°С
  • ​Баткен облусунда: +8…+13°С
  • ​Ысык-Көл облусунда: +7…+9°С

​Борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында күндүз жамгыр жаайт. Абанын табы Бишкекте +5…+7°С, ал эми Ошто +11…+13°С градуска чейин жылыйт.

Тектеш кабарлар

Back to top button