Коом

Кыргызстан Шри-Ланка менен соода көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар

Кыргызстан менен Шри-Ланка текстиль, туризм, маалыматтык технологиялар жана зергерчилик тармактарында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, бул маселе бүгүн министрдин орун басары Медербек Туманов Шри-Ланканын Кыргызстандагы элчиси Фред Сеневиратне менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин карап чыгышты. Анда өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, экспорттук продукциянын түрлөрүн кеңейтүү, ишкерлердин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү жана өндүрүштүк кооперация маселелерине көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экономикалык байланыштарды чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Тектеш кабарлар

Back to top button