Коом

Былтыр 327 өспүрүм кыз кош бойлуу болуп катталып, 64 гана иш козголгон

Кыргызстанда 2025-жылы жашы жете электер менен никеге туруунун 340 учуру катталган, бирок алардын 64ү боюнча гана кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Мекеме Нарын жана Ысык-Көл облустарында эрте никеге турууну жана өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугун алдын алуу багытында мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында мамлекеттик органдар профилактикалык иштерди туруктуу алып барбай, эрте турмушка чыккан кыздардын окуусун улантуусун көзөмөлдөбөй жатканы аныкталган.

Ошондой эле балдар иштери боюнча комиссиялар нике курагын төмөндөтүү тууралуу арыздардын дээрлик баарын негиздерин текшербестен канааттандырган. Айрым учурларда кыздардын кош бойлуулугун тастыктаган документтер да талап кылынган эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 327 өспүрүм кыз кош бойлуулук боюнча каттоого алынган. Алардын 315и көз жарып, төртөө 14 жашта, бирөө 13 жашта болгон. Мындан тышкары, 39 кыз боюнан алдырган.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштар жөнөтүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button