Бразилияда накта эркек экенин кантип сынашат?

Дүйнө жүзүндө ар улуттун арасында бири-бирине окшобогон, адаттан тыш каада-салттар, үрөй учурган үрп-адаттар бар.
Бразилиялык Сатаре — маве улутундагы 10-12 жаштагы өспүрүм балдар чыныгы эркек болушу үчүн эң оор сыноодон өтүшү керек. Ушул сыноодон өткөндөн кийин гана, аларды чыныгы “эркек” деп атоого болот.
Жаш балдар чыныгы эркек болушу үчүн аларга атайын уулуу кумурска толтурулган кол капты эки күн мурун даярдашып, кумурскалар абдан ачка болгон соң баланын колуна кийгизишет. Ал кол капта ийненин көзүндөй да тешик болбошу керек. Бала кол капты 11саат чыдап киет. Эгер чыдай албаса анда аны шылдыңдап, маскаралашат. Ал кумурсканын чаккандагы уусу аарынын уусунан 30 эсе ачуу, ушунчалык жан чыдагыс оорутат. Сыноодон кийин алсыздары бир жума, бир айлап төшөктөн тура албай жатып да калат.
Бирок, ушул сыноодон өткөндөн кийин чыныгы эркек аталып, кадыр-барк күтө алышат. Антпесе, сыноого чыдабаган алсыз эркектердин катарын толуктап калышы ыктымал
Даярдаган Ырысгүл Изатова