Коом

УКМК: Бишкектеги тигүү цехтердин биринде мыйзамсыз иштеген 27 чет элдик жаран аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 27 адамдан турган чет элдик жарандарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.

Тартип бузгандар жана цехтин өкүлү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине жеткирилип, тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматкерлерге өткөрүлүп берилди.

Компетенттүү органдар текстиль өндүрүшү жаатындагы иш берүүчүлөрдү колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин так сактоого жана терс кесепеттердин келип чыгышына жол бербөө үчүн чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдалануу фактыларына жол бербөөгө чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button