Без рубрики

Коронавирис жукту деп жөтөлүп, тамашага салып, элди коркуткан жигит кармалды

Москванын метросунда короавирус жуккан кишини имитация кылып, жүргүнчүлөрдү дүрбөлөңгө салган пранкер (тамашалоо үчүн бейбаштык кылган адам) кармалып, сурак берип жатат. Бул туурасында NTERFAX.RU жазып чыкты.

Метродо кетип баратышкан жаштардын тобунун арасынан бирөө күрсүлдөп жөтөлүп, жерге кулап түшкөн. Анын шериктери “Буга коронавирус жуккан” деп кыйкыра башташкан. Жүргүнчүлөр дүрбөлөңгө түшүшкөн. Ошол топтун арасындагылардан бирөө бул окуяны камерага тартып алып, кийин интернетке чыгарып ийген. Эми, полиция коронавирус жуккан кишини имитация кылган бейбаштын жанындагыларына да издөө салып жатат. Ал эми тамашага салып, калп жөтөлгөн жигит кармалып, сурак берүүдө.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button