Назарбаевдин небереси Айсултан эмне себептен Улуу Британиядан саясый башпаанек сурады?

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаев тууралуу интернет айдыңында ар кандай аңыз-кептер айтылып келет.
Кечээ Айсултан Назарбаев өзүнүн фейсбук баракчасына Англиядан саясый башпаанек сураган пикирин жарыялады. Назарбаевдин небереси мындай кадамга барган себебин, анын үй-бүлөсү психологиялык кысым көрсөтүп жатканын жана өмүрүнө коркунуч туулуп атканы менен түшүндүргөн. Айсултандын айтымында ал Россия менен Казакстандын ортосундагы чоң коррупция тууралуу билерине байланыштырган.
Эскерте кетсек, 29 жаштагы Айсултан Назарбаев 2019-жылы октябрь айында Лондондо полицайга кол көтөрүп, аны тиштеп алганы үчүн шарттуу түрдө кесилген эле. Ошол учурда Айсултан Назарбаев баңгизат колдогонун жана ошонун таасиринен полицайга каршылык көрсөтүп, тиштеп алганы баяндалган. Полицайдын колун тиштеп алганда андан кан көп кетип, терең так калганын жазган, белгилүү ММК булактары
Ушундай бейбаштыгы үчүн Лондон соту Айсултанды 18 ай шарттуу түрдө соттогон жана баңги затка көз карандылыгын дарылоо сунушталган, андан тышкары коомдук жайларда иштөө жана айыппул салынган эле.
Ал жакында, январь айында эле Нурсултан Назарбаев аны өлтүртүп коерун да жарыя кылган.
Айсултан Назарбаев – Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын уулу. Ал убагында Сандрехстеги аскер академиясын аяктаган. Учурунда Айсултан Казакстандын футбол федерациясында иштеген.
2017-жылы атасы Рахат Алиев каза болгондон тартып баңгизат колдоно баштаганын, бирок ага көз карандылыгын жойгонун өзү жазып чыккан эле.
2013-жылы Казакстандыр бир белгилүү олигархынын кызына үйлөнүп, бир кыздуу болушкан.
Abal.kg


