Саясат

Өмүрбек Текебаевге социалдык тармактагы жаштар нааразычылыгын билдиришти

Жакында эле Ата Мекен партиясынын Бишкек шаардык конференциясы болуп, анда партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин сүйлөгөн сөзү коомчулуктун сынына кабылды. Социалдык тармактын колдонуучулары жана журналисттердин жазган пикирлерин өзгөртүүсүз бердик. Бул пикирлерден коомчулук, өзгөчө жаңы муундун өкүлдөрү Текебаевден бүгүнкүдөй системанын курулушуна күнөөсү бар экенин жазып, нараазычылыктарын билдиришкен.

Сайрагүл Дуулатова, журналист: — Бир кездери мен да Ата-Мекен партиясынын жактоочусу элем. Өмүрбек Текебаевдин бул билдирүүсүнөн улам көп суроолор жаралды.  Өлкөдөгү бүгүнкү абал 30 жылдан бери келе жаткан «жыйынды» экенин Текебаев билбесе, эл билет. Акаевди, Бакиевдин, ошол Атамбаевдин тушунда эң чоң саясый күч, таасирдуу фигура Өмүрбек Текебаев болуп келген. Нечен Өкмөттү садага чапканын өзү да айтканы бар. Макул, «Өкмөт бечел экен, эл эки жыл артта ойлонот экен», тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаев өзү айтып жүргөн калыстык, адилеттүүлүк үчүн «ушул системага менин да, Ата-Мекен партиясынын салымы бар, учурунда ар кандай тарыхый кырдаалдар болуп кеткен ж.б.» деген кебин айтса, кең пейил кыргыз эли түшүнүп, ачуу чындыгын айтыптыр деп колдомок. Ошол эле түкүрүк 5000 сомго чыккан мыйзамды Жогорку Кеңеште караганда, чет жактан келген олчойгон грантты сиңиргенде Өмүрбек Текебаев эмнеге үн каткан эмес? Дал ошол чийки «мина», «иттин өлүгү көмүлгөн» мыйзам кимдин колу менен жазылганын коомчулук билет. Партиянын съездиндеги Текебаевдин билдирүүсүнөн кийин жаш саясатчылар келечекте моралдык жоопкерчилик дегенди кандай кабылдайт? Бул да маселе.

Жанна Ильясова:  Кооз суйлобой иш жузундо коргозгуло. Кытай карызын. Чек ара маселесин. Корупцияны чечкиле.Бири биринерге шылтабай.

Бердалы Исмоелов:Текебаев сиз озунузду таза адаммын деп ойлойсузбу жок жанылышасыз сиз ото куу тулку адамсыз 2010 жылдагы каргашанын артында силер тургансынар кудай бар жооп берчуу кунду унутбагыла/

Марат Асаналиев: Текебаев ачык.суйлойсун бирок жасаган иштерин тура эмес.Демократия парламенттик башкаруу деп мамалакетти башаламандыка алып келдин.жеп ичерлердин санын жуз жыйырмага кобойтуп мамалакетти.кекиртегине чейин карызга батырышты.сен.жазган мыйзам кониституцинын негизинде мамалакетти Ким.башкарып Ким жооп берет.деген тушунук жок.ошол сенин мыйзамын негизинде эч Ким эч нерсеге.жооп бербейт.себеби парламент башкарат бирок эч.нерсеге.жооп бербейт деген мыйзамды жазып.алгансынар.мамалакетти Ким.бпшкарса ошол мамалакетти ар.бир.жаран таш.турпагыгы стал.шыбагыга чейин жооп бериш керек.

Maksat Jorobaev:  Азыркы президентти окмоту ак уй толо депутатарды так ушул текенин жазган закону ушул убактылуулар алып келген неге жамандайт эмт шайлоого барат эртен кызын депутат кылыш керек ошентип парламенте небере чебересине чейин иштей турган шарт тузуп бериш керек озунун партиясындагы жэтим жугурук жаштарды парламентке откоруп кызматарга койуш керек ошол элэ озу лидер болуп журо бериш керек омур бойу окмоту сындап койуп.

Bisha Bekbosunova: Текебаев Омурбек мырза кыйын болсон мурда эле законду кынтыксыз жазбайт белен перезагруска кылбай, сиз бут ушунун баарынтен билип туруп жакшы козомол кылбай койгонсунар законго.

АZA AZA:  Шайлоо башталды Кыргыз элиме кулагына лапша иле баштады. Булардын бирөөсүнө да ишенбегиле. Акчасын алгыла да кимди шайласанар да өзүнөр дө. теке айтты соодада тууган жок. 1000 алданбай 10000 алгыла.

Turgunov Hfjdudjc:  УБАКТЫЛУУ ОКУМОТТУН АТАСЫ, МЫЙЗАМДЫ БУЗГАН БУЗУКУ 120 КОЙДУ ЖЕТЕЛЕП КЕЛГЕН ОШ КООГАЛАНЫН, АПРЕЛЬ БААТЫРЛАРЫР ОЙЛОП ТАПКАН ЭЛДИ ЫЙЛАТКАН

Таалайбек Мырзакулов: Урматтуу Текебаев парламенттик башкаруу деп башкы конститутцияга озгортуу киргизенсиз,парламенттик башкаруу копоздор, чимкириктер, жепжутаарлар, жазып берген кагазын окуй албаган тупойлор парламетке келишти,куноонузду алып президенттик башкарууга отуу керек,анан трибунага кооз суйлойсуз.

Баяна Кулова, журналист: Өмүрбек Чиркешович, ушул өкмөттүн курамында ата-мекенин да өкүлдөрү олтурат. Өзүңүздү эч качан ак карга сезбеңиз. Өкмөткө сын тагууга сиздин таптакыр моралдык акыңыз жок. Буга чейин далай өкмөттү садага чаппасаңыз, өлкөнү каалагандай калчабасаңыз албетте мындай өкмөт түзүлбөйт болчу. Сизди саясый иштерге аралаштырбай койсо эле алкынып жаман аялдай чаңырып чыга калганыңыз УЯТ!
Экинчиден азыр сиз соттолуп жатасыз. Өзүңүз жазган мыйзамды сыйлап, үй камагындагы адамдай оозуңузду ачпай олтуруңуз. Бул системанын келишине мына сиз күнөөлүүсүз. Биринчилерден болуп Кудайдын алдында сиз жооп бересиз. Парламент жаман болсо так сиз күнөөлүүсүз. Саясый соодалашуу, саясый сойкулукту сиз баштагансыз!!

Диана Айдарова: Текебаевдин сүйлөгөн видеосун көрүп отуруп мындай ой келди: Азыр ал инсан акыл үйрөтүүдө, съездинде өкмөттү сындады. Эгер билгенге ошол эле Текебаев канча жылдан бери бийлик башында эле аралашып келе жатат. Таң калыштуусу а өзүн эмнеге өлкөнүн өнүгүсүүнө өзү салым кошкон жок? Мирзиеевдин өлкөсүнө суктанууда. Урматуу Чиркешович, Мирзиевдин өлкөсүндө президенттик диктатура. Бизде болсо сиз, конституция атасы, түзүп кеткен чалды- куйду система. Чалмакейди чалып коюп, эми азыр коңшу өлкөлөргө суктанып, өкмөттү сындап, сиз деле майда-чүйдө саясатчылардан айырмаңыз жок, шайлоо эпидеямиясына алдырып жатасызбы? Текебаевдин басып өткөн жолу баарына эле белгилүү. 2010-2016-жылга чейин Атамбаев менен жүрдү. 2017-жылы оппозиция боло калып ошол кезде камалды. Ал камакта жатканда кадыр-баркы жогорулап, элдик баатыр деп да аталып калган. Темир тордон чыккандан кийин сабырдуу болбой кайра эле өзүнүн жүзүн көрсөткөнү өкүнүчтүү. Журналисттерди кекетип урушту. Түрмөдө отурганда биз даанышмандыкты, токтоолукту, сабырдуулукту күткөн элек. Бирок түрмөдөн чыгары менен эски кейпине түштү. Эми анын көздөгөнү эмне? Дагы сындап, өмүр бою оппозиция болуп, кайра дагы революция жасагысы келип атабы? Ушинтип эки жээк болуп сындашып отура берген эл башчыларынан жададык. Андан көрө өнүгүү жолуна бет алсак болмок!

P.S.Фейсбуктан алынган пикирлер эч өзгөртүүсүз берилди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button