Дүйнө

Жеки Чан ага кабатыр болгон күйөрмандарына ыраазычылык билдирди

Белгилүү  киноактер, режиссер Жеки Чан коронавируска шектелип, карантинге жаткырылды деген  жалган маалымат эки күндө дүйнө жүзүнө тарады.

Дүйнөнүн бардык ММКлар бул тууралуу жазып чыгышты. Андан кийин Жеки Чандын эч кандай оорубаганы боюнча расмий билдирүүлөр тарады.

Бүгүн Жеки Чан фейсбуктагы баракчасына өзү оорубаганын жана анын күйөрмандары ден-соолугун сурап атканы боюнча жазып, ыраазычылык билдирди:

Ал: “Биринчиден ушундай мүмкүнчүлүтөн пайдаланып бардык досторума “рахмат” айтам! Менин деним сак, ооруган жокмун, карантинге да жаткан жокмун. Мен жөнүндө жазылган маалыматтан улам дүйнөнүн бардык жериндеги досторумдан, күйөрмандарымдан мен үчүн кабатырланган каттар келип, телефон чалуулар болду. Күйөрмандарымдын менин ден-соолугумду сураганына жана мага болгон сый урматына терең ыраазымын! Андан тышкары ушундай оор кылдаалда дүйнөдөгү бардык күйөрмандарымдан абдан көп белектер келди. Бет кап (маска) жана  башка ооруга каршы каражаттарды алдым. Силердин мага жиберген белектерди колума алдым, алар ооруп жаткан мекендештериме абдан керек. Ошондуктан биздин медицина кызматкерлери аркылуу атайын уюмдун атынан силердин белектерди ооруп жаткандарга жибердим. Рахмат!” деп жазды.

Эскерте кетсек, кечээтен бери актер Джеки Чан коронавирус жуктуруп алып карантинке жаткырылганы тууралуу жалган маалымат тараган эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button