Коом
Ноокатта ушул жылы алты согуш ардагери каза болду

Ош облусунун Ноокат районунда жыл башынан бери согуштун алты ардагери каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Бүгүнкү күнү райондо 8 ардагердин көзү тирүү. Жыл өткөн сайын алардын арасы суюлуп барат.
Быйыл жыл башынан бери каза болгон ардагерлер:
— Абдулла Усманов, 101 жашта;
— Кадыр Чоңмурунов, 97 жашта;
— Паяз Ташбалтаев, 95 жашта;
— Ыса Кадыркулов, 94 жашта;
— Тилек Каразаков, 101 жашта;
— Акрам Инаятов, 95 жашта.
Быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет.
Abal.kg