ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Тагдыр. Жолдошумду чанып кеткен биринчи аялы бизге тынчтык бербей жатат

Саламатсыздарбы ардактуу сайттын жамааты. Сиздер аркылуу өз ичимде көптөн бери жашап келген сезимимди бөлүшүүнү туура көрдүм. Мен атын атабай эле окуяны баяндап жазам, ошол адам өзүңүздү таанып билген соң биздин жашоого кийилгишпей жайыбызга коерсуз деген ойдомун. Анткени сиз бир убакта баш тартып чанып кеткен адам, азыр биздин тирөөч жөлөк жана эки баламдын атасы экенин эсиңизге салам.

Биз алгач турмуш куруп жатканда жолдошумдун жеңелери жолдошум мурда үйлөнүп бир жылга жетпей ажырашып кеткенин, анткени келин теңине албай тоготпогон мамиле жасап, атасына машина саттырып алдыртат. Эми үй сатып бергиле, мен кайынэнем менен жашабайм деп  чыкканда, жолдошум намыстанып экөө ажырашып кеткен экен.

Жолдошум ошол окуядан кийин кыздардан көңүлү калып бир топ жыл үйлөнбөй жүрөт. Кийинчерээк Бишкекке келип жумушка орношуп, ошол жактан экөөбүз таанышып калып, жылдызбыз келишип түтүн булаттык. Акырындап бутка туруп, үй алдык, унаа алдык балалуу болдук.

Ошол мезгилде жолдошумдун биринчи аялынын атасы кызматынан кол жууп, иш козголуп болгон байлыгын сатып кутулушат. Биздин баш кошконубузду угуп биринчи аялы бизди социалдык тармактагы баракчалары аркылуу тынбай кирип карап, бир ирет билдирүү да жазыптыр ал-абалды сураптыр. Соңунда жолдошума көңүлү бар экенин айтып, «биз бири-бирибизге жат адамдар эмеспиз го» деп жазыптырсыз. Сиз эчак эле, жолдошумду чанып кеткенде эле жат адам болуп калгансыз. Байлыктан бакыт издеген адам катары ошол алган багытыңыздан тайбаңыз, менин балдарымды атасыз калтырууга жол бербейм. Адам баласы бар га да, жок го да канаат кылып жашаганда баары келет. Кечээ чанып кетип, бүгүн ар кайсы аккаунт менен жазып үй-бүлөгө бүлүк салуунун эч кажети жок. Бул ирет эскертүү иретинде жазып жатам. Кийинки жолу сүрөттөр менен соц тармакка чыгарууга кудуретим жетет. Экинчиден жолдошум мени жана балдарын жакшы көрөт. Эми кайрылып келүү үчүн сиз өтө кечигип калдыңыз. 

Тектеш кабарлар

Back to top button