Окуялар

Митингде чагымчылдыкка чакырып, элге кол көтөргөн аялдар изделүүдө(видео)

Кечээ, 2-мартта абакта отурган Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг уюштуруп, ал жерде митингдин катышуучусу Жогорку кеңештин кызматкерлерине кол көтөргөн аялдын бири издөөгө алынганы тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди.

Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол көтөргөн айымдар учурда изделип жатат. Ага  264-берене менен (массалык баш аламандыкты уюштуруу) кылмыш иши козголгон. Жакын арада кармалып, суракка алынаарын айтты.

Эскерте кетсек, кечээ митинг учурунда эки аял Жогорку Кеңештин имаратынан чыгып келе жаткан кызматкерлердин жакасынан сүйрөп, адепке келбеген, уят сөздөрдү айтып, түкүрүп, чагымчылдыкка чакырышкан болчу.

Видео АКИpress маалымат агенттигине тиешелүү

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button