Коом
Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу башталды
Быйыл
2-марттан тарта Кыргызстан боюнча жазгы аскерге чакыруу жараяны башталганын
Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин жергиликтүү аскер органдарын башкаруу
боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Сыргак Бодобаев маалымат жыйынды
билдирди.
Ага ылайык, 18 жаштан 25 жашка чейинки бардык жарандар жашаган жери боюнча аскер комиссариатына келип, текшерүүдөн өтүшү керек.
“Быйыл жазгы аскерге чакырууга 3 миң киши келет, ал эми альтернативдик кызмат өтөөгө 8 миң киши тартылат. Биринчи кезекте 20 жаштан жогору жана жогорку окуу жайларды аяктагандар, жогорку билими жана кесиптик окуу жайларды бүтүргөндөр чакырылат”, — деди ал.
Аскерге чакырылгандар аймак боюнча жана аймактан тышкары
болуп чогултулат.
Abal.kg



