Окуялар

Чүйдө бир нече унааны уурдай качкандар кармалышты (фото)

4-мартта Чүй облусунун Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан автоунааларды уурдоо менен шугулданган топту колго түшүруштү.

Аламүдүн РИИБине февраль айынын аягында Пригородное айылынын тургуну, 38 жаштагы К.К. аттуу жаран кайрылып,  көчөдө токтоп турган унаасын уурулар уурдап кеткени тууралуу арыз жазган. Бул боюнча кылмыш жана жаза кодексинин 206-беренеси (автоунааларды уурдоо) беренеси менен кылмыш иши ачылып, ыкчам иликтөө иштери башталган.

Кылмышка шектүү катары 20, 19 жана 17 жаштагы 3 жаран кармалган. Кылмышка шектүүлөр берген көрсөтмөдө алар жогорудагы кылмыштан тышкары дагы бир топ кылмыш иштерине катыштыгы бар экендиги белгилүү болду. Тагыраагы алар буга чейин Бишкек шаарынын аймагынан 8 жолу автоунаа уурдашканын моюндарына алышкан.

Учурда  кармалган 3 кылмышка шектүү убактылуу тергөө камагына камалышып, тергөө иштери уланып  жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button