Коом

Сокулукта 400 киши чакырылган той болбой калды. Буга министрликтин кандай тиешеси бар

Сокулук районунда 400 киши чакырылган той Саламаттык сактоо министрлигинин сунушунан кийин болбой калганын министрдин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, той ээси чакырылган конокторго чалып, той болбой калганын кабарлаган. Себеби, буга чейин министрлик коронавирус коркунучунан улам киши көп чогулган иш-чараларды убактылуу уюштурбай турууга чакырган.
“Ал дагы башка кишилерди той бербей турууга чакырат. Бул ар бир кишинин өз эрки”, — деди ал.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги бир нече ирет элди киши көп чогулган жерлерден оолак болуп, жума намаз же той сыяктуу жерлерге убактылуу барбай турууну эскерткен. Себеби, мындай аракеттер элдин ден соолугу жана коронавирустин жайылып кетүүсүнүн алдына алуу үчүн жасалып жатканын билдирген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button