Дүйнө

Индияда 3 жашар балага коронавирус жукту

Индиянын Керала штатында үч жашар баладан коронавирус аныкталды. Баланын үй-бүлөсү жакында эле Италиядан келгенин жазат РИА Новости.

Бул Индия өлкөсүндөгү  коронавируска чалдыккан 41-бейтап болуп эсептелинет.  Тумоого чалдыккандардын үчөө дарыланып айыгып, ооруканадан чыккан.

Керала штатындагы аэропорттон чет өлкөдөн келгендерди дароо текшерүүгө алганда Италиядан кайткан үй-бүлөнүн үч жашар баласынын дене табы көтөрүлүп, жөтөлгөнү дароо байкалган.

Анализдерин текшерген кезде баладан коронавирус табылган. Ал эми ата-энелеринин дени сак болгон.  

Учурда үй-бүлө карантинге алынып, 3 жашар бала дарыланууда. Ал эми дарыгерлер бул дарт жаш балдарда жеңил өтөөрүн айтышты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button