Коом

Улан Ниязбековдун Нооруз майрамына карата куттуктоосу

Урматтуу Кыргызстандыктар!
Кадырман кесиптештер, урматтуу ардагерлер!


Жаратылыштын жаңылануусун жана табияттын жандануусун жар салган Нооруз майрамы босогобузда турат. Нооруз берекенин, өз ара түшүнүүнүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам. Жазда жаңыланган жаратылыш менен бирге адамзат жан дүйнөсү да тазаланып, жакшы жашоого умтулуусу керек.
Дүйнөдөгү эң байыркы майрамдардын бири – Нооруз адамзаттын маданий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Өзгөчө майрам болгон Нооруз — өлкөбүзгө тынчтык, улууларыбызга кадыр-барк, жаштарыбызга ыйман алып келсин. Жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч кубатка толтура берсин! Көптөгөн кылымдар бою нукура каада-салттарды жана ырым-жырымдарды айкалыштыруу менен биздин доордо Нооруз майрамы жаңы мазмунга байып, майрамдын өзү адамзаттын маданий жана руханий мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп калды.


Мына быйыл Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгынын барагын ачып олтурабыз. Бир кылымдык жолду баскан Кыргыз милициясы бүгүн тажрыйбага толуп-ташып, мезгил талабынан артта калбай, өз багытында, өз жолунда өнүгүү тепкичтерине кадам салууда. Негизги багыттарга токтолсом, санарриптештирүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, элге сервистик тейлөө көрсөтүү жумуштарын жүргүзүүдө милициянын ишинде баса белгилей турчу алгылыктуу аракеттер көрүлдү.
Ошол эле мезгилде, өздүк курам арасында таалим-тарбияны чыңдоо, жарандардын арыз-даттанууларын кароо жана жүктөлгөн милдеттерди аткаруу, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик кызматтар менен тыгыз байланышта иш-чараларды биргеликте жүргүзүү багытында 10 багыттан турган иш-чараларды жылдын аягына чейин туруктуу тартипте жүргүзүү бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу» боюнча кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруунун алкагында жарандардын коопсуздугун, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептерин жана шарттарын аныктоого жана жоюуга багытталган “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек”” аттуу форумдарды республика боюнча ийгиликтүү өткөрүп алдык. Бул аракеттердин баары элибиздин бейпилдиги үчүн, мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн жасалып жаткан аракеттер. Ал эми алдыга коюлган максаттар менен ошол аракеттерди иш жүзүнө ашыруу үчүн коомдун коопсуздугунун сакчылыгында турган жалпы милиция кызматкерлерине эрктүүлүк менен кыраакылык, алардын үй-бүлөсүнө мээримдүүлүк менен ынтымак жана ардактуу ардагерлерге бекем ден-соолук каалаймын.
Бардык баштаган ишибизде ийгиликтер жаралсын! Бул майрам ар бир милиция кызматкеринин демине, күчүнө күч кошсун, өлкөбүзгө токчулук молчулук, бакубат турмуш алып келсин! Тынчтыктын ынтымактын, бекем достуктун, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ийгиликтердин жылы болсун, айдан аман, жылдан эсен бололу! Нооруз майрамыбыз кут болсун!

Урматтоо менен Улан Ниязбеков, Ички Иштер министри!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button