Коом

Иманбек Азизилла Уулу: “Феминисттердин максаты – үй-бүлө очогун бузуубу?”

Кечээ Бишкек шаарында «Феминалле» уюму өткөргөн митинг башталып, бирок аягына чыкпай милиция аркылуу таратылды. Бул митингге чыккандар тууралуу социалдык тармактарда ар кандай пикирлер жаралууда. Айрымдары митинди колдосо, кээ бири бул митингге каршы экенин жазышууда. Фейсбуктун колдонуучусу Иманбек Азизилла уулу феминизм, митинг, кыргыздын каада салты тууралуу пикирин жазды.

Илгери бир индеец саякаттап Римге барыптыр. Караса римдиктер өлгөн кишини өрттөп жатат имиш. Тиги таң калып, «өлгөн кишини да өрттөчүбү?» деп айтып жибериптир кокустан. Римдиктер, «силер өлгөн кишини эмне кыласыңар?» деп таң калыптыр. Тиги кебелбей, «Биз өлгөн адамды жеп алабыз» дейт имиш.

Анын сыңарындай, ар элдин өз баалуулуктары бар эмеспи. Бул талашкыс нерсе. Бирок, эгерде кимдир-бирөөлөр башкалардын каада-салтын жаңычыл маданият катары кабыл ала баштаса анда өздүгүн жогото баштаптыр. Сөз батыш маданияты тууралуу. Аларың биздин майрамдарды майрамдабайт, кийимибизди кийбейт, тарыхыбызды билбейт, улуттук оюндарыбызды ойнобойт. Ойногону мындай турсун, сыймыктуу оюнубуз көк бөрүнү жапайычылык деп мүнөздөшөт. Жан-жаныбарга кылынган мыкаачылык деп билишет. Бирок өздөрү адамдарды кан жалатып мушташтырып, бири өлүп бири калса, ошондон кумар алышат. Эрежесиз эр уруштан канча адам майып болуп, бокстан канча деген адам өлдү.  Буга карабай «дикий» спорттор популярдуу. Илгери гладиаторлор бирин-бири мууздап, бирин-бири өлтүргөндө аял-эркек дебей «кайф» алышчу эмес беле. Ошонун заманбап ыкмасы. Чыныгы мыкаачылык ушул эмеспи. Дагы реклама кылып, жан-жаныбарларга операция жасап, оор абалда калса куткарып… Иий чычкактар! Бирок Африкада балдар ачкадан өлүп жатса көрмөксөн болушат. Же эбола сыяктуу ооруларды атайылап адамдарды кыруу үчүн жайылтат. Жакынкы Чыгышта кан төгөт. Пилотсуз учак менен бейкүнөө адамдарды жок кылат. Террористтик топторду даярдап, алар менен адамдарды шар жаргандай эле жардырып жиберет. Кыскасы, айта берсе зээниң кейийт.

Анан сүйлөсө эле Америкадан сүйлөгөн АКШкулдар тойгузду! «Илибой» нерсе жөнүндө сөз болсо эле Америкадан мисал тартып. Американын тарыхынан шилтеме берип. Аларың биздин тарыхыбыз мындай тур, бул дүйнөдө бар экенибизди деле билишпейт. Анан эмнеге эле аларга анчалык жабышасыңар, ыя?

Кечөөгү гей парад боюнча! Жумшагыраак айтканда ЛГБТ митингине. Феминизмге жамынып чыгышыптыр.  Кыргыз ЛГБТга жийиркенүү менен, ошол эле учурда аёо менен караган. Буга факт: кыргыздар эч бир гей же трансексуалды таш бараңга алып же өрттөп жиберген эмес. «Кол сынса жең ичинде» калып келген. Булар жөнүндө башка кеп козгоп кажет жок. Покту чапсаң бетиңе чачырайт. Ушул жетиштүү болсо керек. Кеп тизгинин феминизмге жана феминисттик жүрүшкө буралы.

Кечээ аянтта белгилүү адамдар да жүрөт (көбү батышчыл). Алардын ал жерде эмне иши бар эле? Кокустукпу? Жакын  арада «Азаттыкта» трансгендер боюнча чыгарылыш обого чыкты. Ага чейин Бурулайдын кейиштүү тагдыры башкача түс менен чагылдырылып келди. Көрдүңөрбү, бул атайын даярдалган долбоор! Сетирейип Курманжан Датканын сүрөтүн көтөрүп чыгып алышыптыр дагы. Эмне, Курманжан Датка феминист беле? Сабатсыздар, феминизм деген эмне өзү? Качан, кайда, эмне себептен жаралды? Ошону окуп койбойсуңарбы? Билбесеңер билип алгыла.

Батыш кечээги күндөргө чейин аялдарды буюм, жаныбар катары көрүп келбеди беле. Аялды шайтанга теңеп келген, калппы? «Аялдын жаны барбы жокпу, буларың адамбы же адам эмеспи» деп кызыл чеке болуп талашып тартышкан, жалган дегилечи. Аялдарды 12 саат саат арзыбаган айлыкка эзип иштеткен, четке кага аласыңарбы? Феминизм мына ушул көрүнүштөргө каршы аялдардын укугун коргоо үчүн чыккан кыймыл. Андай болсо феминизмдин бизге эмне тиешеси бар?  (Калыстык үчүн айтып коелу, биздин коомдогу педофилия, ала качуу, анча-мынча аялдарга карата зомбулук сыяктуу терс көрүнүштөр бар. Булар менен феминисттер же башка сырткы күчтөр эмес, биз өзүбүз күрөшүшүбүз керек).

Кыргыздар байыртан бери ар бир аял затын эне катары ардактаган. Эр жигит үчүн эң оор сөз энесинин «ак сүтүмдөн кечтим», «энеликтен кечтим» деген сөздөрү болгон. Бир аялдын ар намысы үчүн бүтүндөй эрендер өлүп кетүүгө даяр болгон. Алыс барбай Камчыбекти эстегиле. «Бейиш эненин таманында» деп аялзатын көздүн карегиндей көргөн. А Батышчы?..

Буларың динге эле каршы эмес. Улуттук каада-салтка, менталитетке да каршы. Эмнеге ЖЕТИ АТА? ЭМНЕГЕ АПА ЭМЕС дешет! Мунусу кыргыздын паспорттук милдетин аткарып келген «жети атасын билүү» деген жобосуна каршы чыккандагысы! Бабалар жолун чангандагысы! Буларың «эл эмне демектен ошо десин, каалаганыңды кыл» дейт. «Сага эч ким кийлигишпесин, каалаганыңдай жаша, каалаганың менен жүрө бер» дейт. «Аялдарга тең укуктуулук бергиле» дейт. «Сүйүүнү никеге байлабаш керек, никесиз деле бактылуу жашаса болот» дейт. «Аялдын орду Ак үйдө!» дейт. Кыскасы аялдардын теңдигин талап кылат.

Теңдик демекчи. Теңдик деген эмне? Ушул жөнүндө терең ойлонуп көрдүңөр беле? Бир сөз менен айтканда мунусу накта былжырак сөз. Далил! Мисалы, аялдар башкаруу органдарына барсын дейт. Бул аялдарга жагат. Үйдөгү иштерди кылуу аялдын гана милдети эмес дейт. Бул да жагат! Аялдар чай куюга милдеттүү эмес дейт, мунусу да көп аялга жагышы мүмкүн. Тыйындын да эки бети бар.

Эми, теңдиктин берки жагычы? Анда аялдар да армияга барсын! Аялдар цемент куюп, жол курсун. Аялдар курулуш тармактарында иштеп, жүк түшүргүч болуп иштесин. Тоого чыгып чөп чаап, ойго түшүп кирпич куйсун. Аялдар шахталарда иштесин! Мунун баарын эркектер кыла берсинби? Эркектердин укугучу? Эмне, эркектер кулбу? Көрдүңөрбү, теңдик деген термин туура эмес термин. Феминизм болбогон оокат. Аял менен эркектин ортосунда ТЕҢДИК болушу мүмкүн эмес. Аял-эркектин ортосунда СЫЙ-УРМАТ, ТҮШҮНҮҮ, КОЛДОО, СҮЙҮҮ, МЭЭРИМ болушу керек.

А буларыңдын максаты аялдарды коргоо эмес экен көрсө. Үй-бүлөлөрдү бузуш, коомду ыдыратыш, улутту жок кылыш экен! Болбосо «Келинизация рабство!» деп кайсы жинди чыкмак эле? «Төрөсөм бирди төрөйм, болбосо төрөбөйм, фигурамды сактайм» дедиртип, аз элди андан бетер азайтуу экен жашыруун максаты! Ажырашууну көбөйтүп, уруш-жаңжал чыгарып, ырк кетирүү экен! Мына ушул үчүн оболу динди алсыратып, андан соң менталитетти кыйратуу экен батыштын түпкү максаты.

Соңку сөз:

БАЙКАГЫЛА, САК БОЛГУЛА! КЫРГЫЗСТАН БАТЫШТЫН ЛАБОРАТОРИЯСЫ ЭМЕС! АЛДАНБАГЫЛА! АНЧА-МЫНЧАЛАР, ЭРКЕК АТЫНА ТАТЫКТУУ БОЛГУЛА.  АК ЭМГЕК МЕНЕН АКЧА ТАПКЫЛА, БЕКЕР ДОЛЛАР ЖУКПАЙТ БААРЫ БИР.  КУДАЙДЫН КААРЫ, ЭЛДИН КАРГЫШЫ, САЛТ-САНААНЫН КУСУРУ УРАТ. КЫЛГАНЫҢАР ЧЫККЫНЧЫЛЫКТАН БАШКА ЭЧ НЕРСЕ ЭМЕС! ЖОК, ЭГЕРДЕ КЫРГЫЗСТАН ЖАКПАЙБЫ, АНДА ЧЫГЫП КЕТКИЛЕ!

Иманбек Азизилла Уулу

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button