Окуялар
Сак болуңуздар! Жасалма акча менен соода жасаган кыздар жүрөт(видео)

Сак болгула! Бишкекте жасалма акча менен соода жасаган кыздар пайда болду. 12-март күнү борбордогу Сүйүнбаев көчөсүндө жайгашкан соода павильонуна кечки саат сегиздер чамасында эки кыз кирип, шоколад жана суусундук сатып алган. Кыздардын бири көчөгө чыгып кетип, экинчиси сатуучуга 2000 сомдук бүкүлү акчаны сунган. Сатуучу акчаны алып, анын жасалма экенин билгенде кардар кыз ал акчаны жулуп алып, качып кеткени видеого түшүп калган.
Бул кыздардын жүзү павильондун ичиндеги видео көзөмөлгө түшүп калгандыктан аларды тааныгандар болсо жасалма акчадан сак болуңуздар!
Abal.kg



