Окуялар

Ошто журналист менен инспектордун кайым айтышы коомчулукка талкуу жаратты

Ош шаарында 12-мартта Гапар Айтиев менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинен кенже инспектор Бексултан Ташкулов менен журналист Жылдыз Бекбаева кайым айтышканы коомчулукка тарады.

Окуя болгондон кийин инспектор милицияга арыз жазган. Кайым айтышуу саат 11:00дөр чамасында болгон. BMW үлгүсүндөгү автоунаа айдаган журналист машинасын туура эмес жерге токтоткон. Инспектор аны алууну суранганда журналист менен айтыша кетишкен. Документти көрсөткүлө дегенде журналист кызынын концертине шашып баратканын айтып, документтерди көрсөтүүдөн баш тартканы айтылат.

Бирок инспектор кийин жазган арызынан баш тартып, журналист менен келишип алганын билдирген. Журналист Жылдыз Бекбаева болсо инспектордон кечирим сураганын айтты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button