Бүгүн коронавирус жуктурган бейтап ооруканадан качып чыгып, карматпай жүрөт
Аң-сезими төмөн бул бейтап ооруканадан бүгүн түнү саат 3.00дө качып чыккан. Ал кабыл алуучу бөлүмдөн чыгып барып, кашаадан ашып түшүп качып кеткен. Азыр аны Россгвардия бүт Москваны түрө кыдырып, ал түгүл областтан да издеп, таппай атышат.
Коронавирус жуктурганы бышыкталган бейтап Алексей Нелюбин өзү билип, Коммунаркадагы клиниканы таштап качкан. Бул эркек киши
түн жамынып көрүнбөй кетип калган. Азырынча
бул оорулуу дени таза адамдарга
аралашып, элдин ичинде жүрөт. Россгвардия Нелюбинди Москва менен анын областында
издеп, таппай атат.
Андан COVID-19 биринчи эле этаптагы медициналык текшерүүдө табылган. Бейтаптын анализдери «Вектор» лабораториясына жөнөтүлгөн болчу, деп
билдирет телеграм-канал
112.
Андан алдыңкы күнү эле Коммунаркадагы оорукандан коронавирус менен ооруган аял киши да качып кеткен. Ал медициналык мекемени таштап чыгып, жалаң тапичкечен Кунцевого, үйүнө кетип калган.
Полицейскийлер ал аялды ооруканага кайра
кайтарып алып келишкен. Карантин режимин бузганы үчүн, ал аялды андан да көп
убакытка мажбурлап калтырып коюулары
мүмкүн экен. Ал гана түгүл коронавирустун эпидемиясы күчөп аткан учурда мындай жүрүм-турумдары үчүн бейтаптарга кылмыш
иши да козголот.
Москванын мэри Сергей Собянин коронавирустун эпидемиясына байланыштуу дагы кошумча чектөөлөрдү киргизген чечимдерди кабыл алды.
17 – марттан тартып бир эле мезгилде 50дөн ашык киши катыша турган баардык эс алуучу, көңүл ачуучу иш чараларга тыюу салынат. Тыюу салуу 10 – апрелге чейин созулат.
Abal.kg