Коом

Коронавирус. Ысык-Көлдө умрага 11 киши барып келген

Ысык-Көл облусунан умрага (кичи ажылык) 11 киши барып келгенин облустун казыятынан кабарлашты.

Маалымат боюнча 26-февралдан 19-мартка чейин умрага баргандар 11 киши болгон. Алардын үчөө Каракол шаарынан, алты киши  Жети-Өгүз районунан, эки киши Түп районунан.

Казыят умрага баргандардын саны дагы такталып жатканын айтышат.
Бүгүн, 18-мартта, Космосбек Чолпонбаев Кыргызстандын Сузак районунда үч кишиден коронавирус табылганын айткан эле. Анын билдиришинче, алар Сауд Аравияга умрага барып келишкен.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button