Коом

Коронавирус. Бишкекте Орто-Сай базары бир айга жабылабы?

Бишкекте коронавируска байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында карантин жарыяланган.

Бүгүн Бишкектеги Орто-Сай базарындагы сатуучулар базардын жабылары тууралуу администрациядан укканын айтышууда.

Алар бул базардын жабылышына каршы. Себеби, сатуучулардын айтымында алар бардык санитардык эрежелерди сактап,  жумуш ордуларын тазалап жатканын айтышууда.

Ал эми Орто-Сай базарында жер-жемиш саткан Калима Умуралиева буларга токтолду:

-Албетте, коронавируска бардыгыбыз каршы турушубуз керек. Карантин жарыяланды. Азыркы учурда соода-сатык деле жакшы болбой атат, себеби базарга келгендердин саны аз. Ал эми бүгүн Орто-Сай базарынын администрациясы соода жайды бир айга жабыларын кабарлады. Бизге да сактык керек, баарын жыйнап, тазалап атабыз, бирок базарды жаппай деле койсо болмок, бул боюнча арызданалы деп жатабыз, — дейт сатуучу.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button