Ысык-Көлдө жапайы жаныбарлар үчүн реабилитациялык борбору курулууда

Ысык-Көлдө жаныбарлар үчүн «Ак барс» илим-изилдөө жана реабилитациялык борбору курулууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев татарстандык кесиптеши Азат Зиганшин менен жолугушууда билдирди.
Бул Борбор Азиядагы атайын салынган биринчи комплекс болмокчу.
Анын аянты — болжол менен 1 600 чарчы метр. Комплекстин курамына илимий лаборатория, ветеринардык жана административдик блоктор, ошондой эле жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борбору кирет. Курулуш иштерин август айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Жаратылыш министрлигинин маалыматына ылайык, «Ак барс» Борбор Азиядагы илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, ветеринардык жардам көрсөтүлүп жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар реабилитациялануучу алгачкы адистештирилген комплекс болот.
Мындан тышкары, борбор Ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык программанын алкагында эл аралык илимий кызматташтыкты, тажрыйба алмашууну жана жаратылышты коргоо боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашыруучу аянтчага айланары күтүлүүдө.



