Дүйнө
Испанияда 3500гө чукул дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Испанияда 3,5 миңдей врач коронавирус жуктуруп алган. Алар жалпы оору жуккандардын 12 пайызын түзөт.
“Азыр бизде 3475 медикке коронавирус жукту. Бул өлкө боюнча оору жуккандардын 12 пайызын түзөт. Медицина тармагында иштегендер үчүн эң чоң көйгөй. Медиктер оорунун жугушу ыктымал болгон эң алдыңкы катарда турат, биз муну кабыл алышыбыз кажет”, — деген оюн саламаттык сактоо министри Фернандо Симон айтты.
Испанияда медиктерге болгон суроо-талапты азайтуу үчүн пенсияга чыккан дарыгерлерди, акыркы курстун студенттерин, ыктыярчыларды дагы тартышкан.
Abal.kg



