Дүйнө

Кытайлык медиктер Италияга катуу нааразы болуп жатышат

Азыр дүйнө жүзүндө коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча 60 миллион эли бар Италия биринчи орунга чыкты. Ушул күнгө карата илдетке чалдыккандардын саны 60 миңге жетип, көз жумгандары 5,4 миңди түздү. Салыштырып караңыз: 1,5 миллиард калктуу Кытайда бул вирус менен тумоологондордун саны 81 171, айыкканы 73 159 (90,13%), азыр дарыланып жатышканы  4 735 жаран, каза тапканы 3277 киши.

Италиядагы абал эмнеликтен мындай деген суроого бул өлкөгө жардамга барышкан кытайлык медиктердин баамдашкандары жооп бере алат.

“Бул жерде адамдар баштары менен ойлоно алышабы?”

Кытай Эл Республикасынын Кызыл Кресттинин вице-президенти  Сунь Шуопэн, 11-мартта жер ортолук өлкөгө жардамга келип, коронавирустун очогу болуп аткан Ломбардияга түшкөн. Ал жердеги абалды көрүп катуу нааразы болгонун 21-мартта, Ломбардиянын борбору Милан шаарында өткөн пресс-конференциянын учурунда айтты. Муну Евроньюс эки-үч күн удаа кайра-кайра көрсөтүп жатты. “Ломбардиядагыдагы азыркы абал мындан эки ай мурда биз Уханда башыбыздан эмнени өткөрсөк ошого окшош. Уханда  блоктоо (жабуу) саясатын кабыл алгандан  баштап оорунун күчөгөнү азая баштаганын көрүп атабыз. Бул жерде, Миланда,  COVD-19дан өтө жабыр тарткан райондо катуу блоктоо жок экен: коомдук унааңар дагы эле каттап атыптыр, маска тагынбайт экенсиңер, адамдар ээн-эркин ары-бери жакка барып жүрүшөт, кечкисин мейманканаларда чогулуп алып ичип-жеп, чогуу көңүл ачат экенсиңер ” деди катуу нааразы болуп, Кытайдын Кызыл Кресттинин вице-президенти.

Ал баардык италиялыктарды үйдөн чыкпоого чакырды, бийликтерди коронавируска каршы күрөштүн баардык ыкмаларын колдонууга үндөдү. “Мен түшүнбөй жатам, бул жерде адамдар баштары менен ойлоно алышабы? Биз демейдегидей экономикалык ишмердүүлүктү жана адамдардын өз ара алакасын таптакыр токтотушубуз керек”, деп сөзүн аяктады Шоупэн. Бул туралуу Gazeta.ru жазып чыкты.                         

Адистер  Италиянын вируска өз убагында жакшы көңүл бурбаганын бетин ачышты

Мындан тышкары эксперттер Италия инфекциянын чыкканына өз учурунда көңүл бурбай койгонунун бетин ачышты. Эксперттер коронавирустан жабыркаган бейтаптар алда канча мурда эле пайда болгон, бирок ага жергиликтүү врачтар  “мезгилдүү грипп” (“сезонный грипп”) деген диагноз коюп, жөнөтө беришкен деп божомолдошууда.                               

Италияга бул илдет расмий түрдө январдын аягында келген. Бирок кээ бир медиктер бул өлкөгө инфекция биринчи тумоологон бейтапка чейин эле алда канча мурда келген деген ишенимде.                                                                                                                                                          

“Вирус, сыягы, мурда эле пайда болуп, көптөн бери жайылып атса керек. Бул кесел грипп күчөп турган маалда чыгып, а бейтаптар врачтарга грипптин симптомдорун айта беришкен”, — деп айтып берди Time басылмасына Италиянын саламаттык сактоо Институтунун  илимий кызматкери Флавия Рикардо.                                                                                   

Медиктер бейтаптарды грипптен дарылашкан, а иш жүзүндө алар коронавирус инфекциясынан жабыр тартышкан. Бул версияны чындыгын, COVID-19  жайылганга чейин эле, Италиянын түндүгүндө пневмония менен ооругандар өтө көп жолу катталганын,  ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн начальниги Стефано Пальянын La Repubbiica газетасына айткан билдирүүсү бышыктайт.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button