Дүйнө
Тажикстанда бал, лепешка жана картошка майрамы белгиленди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жумушчу сапары менен Согди облусуна келди. Ал жактан бал, лепешка жана картошка майрамына катышты.
Президент элдин назарына коюлган балды, лепешканы жана картошкаларды көрдү. Бул майрам конкурстук негизде дагы белгиленип, үч этап менен өтөт. Районддук, облустук жана республикалык.
Облустун эли президентке атайын театрлаштырылган оюн-зооктон тышкары, аймакта өстүрүлгөн картошка, балды көрсөтүп, наабайчылар тарабынан даярдалып бышырылган нандын түрүн сунушташты.
Айрым чыгармачыл топтор картошканы трактордун сыртына жабыштырып, анын картошкадан жасалганын чагылдырууга аракет кылышкан.



Abal.kg