Коменданттык саатты бузгандар үчүн ок атылды
Кечээ команданттык саат башталгандан кийин Бишкек шаарында милиция кызматкерлери баш ийбей автоунаасы менен качкан жигиттер кармалышты. Бул туурасында Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев брифинг учурунда билдирди.
«Кечээ кечинде саат 20:30дар чамасында Лев Толстой менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери ак түстүү Toyota Windom автоунаасына токтоого белги беришкен. Бирок айдоочу токтобостон из жашырууга аракет кылган. Аларды тартип сактоочулар Патрис Лумумба көчөсүнөн кууп жеткен. Бирок тигилер каршылык көрсөтүп, милиция табелдик куралы менен асманга эки ирет ок чыгаргандан кийин баш ийип беришкен. Качкан жигиттерди кармаган учурда алардын мас экени аныкталды«, — деди Орозалиев.
Алар 20 жана 25 жаштагы эки адам Бишкек шаарынын тургундары болуп чыккан.
Кыргызстанда коронавирус кооптуулугунан улам өлкөнүн бир нече аймагында, анын ичинде Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизилген. Коменданттык саат жарыяланып, тартип боюнча кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин эч ким көчөгө, эшикке чыкпашы керек.
Abal.kg