Коом

Коронавирус.Нарында Пакистандан давааттан келген киши жуктурган

Бүгүн, 31-мартта Нарын шаарында коронавирус жуктурган дагы 3 тургун аныкталган эле.
Аталган 3 адам коронавирус аныкталган алгачкы тургундун жакындары болгон.

Коронавирусту алдын алуу боюнча Нарын облустук штабынан билдиришкендей, жаңы бейтаптар Пакистандан дааваттан келген жарандын жубайы, келини жана уулу болгон. Аны менен жакын байланышта болгон 15 адамдан анализ алынган. Натыйжада 3 тургунда коронавирус бар экени аныкталды. Ал эми 12 жарандын анализи таза чыккан.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 107 адамдан коронавирус аныкталды.

Коронавирус боюнча аймактардагы жалпы көрсөткүч:

  • Ош облусунда – 37 учур;
  • Жалал-Абад облусунда – 51 учур;
  • Бишкекте – 8 учур;
  • Чүй облусунда – 4 учур;
  • Баткен облусунда – 1 учур;
  • Нарын облусунда – 4 учур;
  • Ысык-Көл облусунда – 2 учур.

Жалал-Абад облусунда коронавирустан дарыланып жаткан 3 адамдын кайталанган анализи таза чыгып, ооруканадан чыгарылган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button