Коом
Коронавирус. 34 жаштагы келин айыгып, үйүнө чыгарылды

Баткен облусундагы ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан 34 жаштагы аял айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал Баткен облустук ооруканасында дарыланып, 3-апрелде чыгарылды.
“Бейтаптын ден соолугугу канааттандырарлык, экинчи жолу коронавируска карата анализ тапшырып, анын жыйынтыгы терс тыянакты берген”,- деп айтылат маалыматта.
3-апрелге карата Кыргызстан боюнча 130 адам коронавирус жуктуруп алганы маалымат болгон, алардын алтоосу дарыланып, ооруканадан чыкты, бир адам көз жумду.
Abal.kg