Азык-түлүк ташуучу унаага адамдарды катып келаткан айдоочулар кармалды(видео)

Ысык-Көл облусунда жүк ташуучу унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көл облусунда COVID-19 оорусун алдын алуу үчүн облустук ыкчам штабдын чечими менен санитардык-карантиндик посттор иштей баштаган. Инфекциялык ооруну жуктуруп алуу коркунучун төмөндөтүү максатында карантиндин эрежелерин сактоо боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
«Бирок ага карабастан айрым тургундар кайдыгер мамиле жасап, айтылып жаткан кеп-кеӊештерге маани бербей жатканы өкүндүрөт. Мындай кенебестик мамиле менен алар өздөрүнүн өмүрүнө гана эмес, жакындарынын да өмүрүнө коркунуч келтирүүдө», — деп айтылат ОИИБдин маалыматында.
3-апрель күнү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын постунан Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну А.Н. башкарып бара жаткан «Мерседес-Бенц—316» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Айдоочу азык-түлүк алуу үчүн Каракол шаарына бара жатканын айткан. Бирок унааны текшерген учурда анын ичинде 11 жүргүнчү бар экени аныкталып, алар Балыкчы шаарынан Ананьев айылына бара жатканы тастыкталган.

Ошол эле күнү Түп районунун милиция кызматкерлери Түп айылынын кире беришиндеги посттон «КамАЗ-35320» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотуп, анын ичинде 23 жүргүнчү бара жатканы аныкталган. Автоунаанын айдоочусу Ак-Суу районунун Боз-Булуӊ айылынын тургуну О.А. экени белгилүү болуп, ал айылынан жумушчуларды жалдап, Түп районунун Балбай айылына картошка жүктөгөнү бара жатканын билдирген.
Эки айдоочуга тең Бузуулар жөнүндө кодексинин 127-беренесинин 1-бөлүгү менен протокол түзүлүп, унаалар айып короого токтотулду.
Abal.kg