Коом
Коронавирус. Бишкекте дагы 3 адам катталды. Жалпы саны 147ге жетти

5-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктурган үч адам катталды. Алар Бишкек шаарынын тургундары. Ошону менен өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны 147 киши болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абыкаримов маалымдады.
Жалал-Абад облусунда – 67, Ош облусунда – 35, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 3, Ош шаарында – 12, Бишкек шаарында – 18, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 2 кишиден коронавирус табылган. Алардын 9у дарыгерлер. Обсервацияда 1454 адам жатат. Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну 2-апрелде кайтыш болгон. Буга чейинки эсеп менен тогуз адам сакайганы кабарланды. Бирок 5-апрелде министр коронавирустан айыккандардын санын 8 киши деп айтты.
Abal.kg



