Саясат

Коронавируска каршы күрөшүү фондуна түшкөн 125 млн сом кайда жумшалууда. Министрдин жообу

Биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска каршы күрөшүү боюнча  фондго түшкөн каражаттын жумшалышы боюнча маалымат берди. Бул тууралуу, Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабар таркатты.

“Мында 2 эсеп ачылган.  Биринчиси Саламаттык сактоо министрлигинде. Ага элден, демөөрчүлөрдөн түшкон акчанын көлөмү 125 млн. сом болду. Анын 38.5 миллиону атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен дарыгерлерге кошумча айлык катары бөлүп берүү чечими кабыл алынып, каржыланды”,-деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт өкүлү билдиргендей, экинчи эсеп Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде ачылып, ага 13.5 млн акча түшкөн.  “Министрлик бул сумманын 4.3 миллионун  коротту.   Өзүнүн тизмесинде турган аярлуу катмарга жардам берүү иретинде иштетти. Калган акчасы эсепте турат, жеп-ичип койду деген туура эмес”,-деди.

Биринчи вице-премьер министр ачылган 2  эсеп  боюнча тең бардык маалыматтар сайтка жайгаштырылганын айтты. Кызыккан жарандар  www.help.covid.kg деген сайт  аркылуу бардык маалыматты алса болорун айтып өттү.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button