Коом
Москвада көп кабаттуу бир нече үйгө учкучсуз учактар келип урунду

Маалыматка караганда, оор жаракат алгандар жок.
Бир учкучсуз учак Профсоюзная көчөсүндөгү турак үйдүн үстүңкү кабаттарына тийген. Үйдүн фасады жана айнектери талкаланган. Экинчиси Жаңы Москвадагы Атласов көчөсүндөгү 24 кабаттуу турак жайды сүзгөн.
Ушул тапта жеринде атайын кызматтар иштеп жатат.



