Без рубрики

Кыргызстанга кытайлык дарыгерлер жардамга келишти

Бүгүн, 20-апрелде, Кыргызстанга Кытайдан атайын дарыгерлер тобу келди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Кытай медиктери кыргызстандык адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө болгон эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button