Дүйнө

Таиланддын үңкүрүнөн орустар табылды

Таиланддын полициясы  Краби провинциясындагы курорттук зонанын үңкүрлөрүнүн биринен эки орусту табышты. Бул туурасында Chiang Rai Times билдирди, деп  21-апрелде Innov.ru маалымат порталы маалымдады.

Адегенде тонолуп, андан соң мейканадан кууп чыгарылган орустар, тайлыктардын үңкүрүндөгү чатырда күн өткөрүп жатышкан. Орустар  Таиландга эс алганы барышкан россиялыктар экен. Алар полицияга акыркы эки айдын ичинде эмнелерди баштарынан өткөргөндөрүн айтып беришкен. Орустар бул өлкөгө эки ай мурда келишкен. Кайра Россияга кете албай калышкан, анткени аба каттамдары токтотулган. Ага чейин эле, белгисиз бирөөлөр аларды тоноп кетишкен: дрон, видеокамера жана жеке буюмдарын уурдап алышкан. Бул окуя мартта болгон. А апрелде жабылып жаткандыгына байланыштуу аларды мейманканадан да чыгарып салышкан.    

Россиялыктар өтө татаал абалда калышкан, бөтөн өлкөдө кимге, каякка кайрылаарын билишпей. Андан соң бул абалдан өзүбүз чыгышыбыз керек экен дешип, Тонсаи кысыгындагы үңкүрлөрдүн биринде чатыр тигип, абал оңолгуча жашай туралы деп чечишкен.

Полицейскийлер адегенде аларда коронавирус жок экенине бышыктоо үчүн ооруканага жиберишкен. Тесттер терс чыккан. Ошондон соң полиция, аларды ушинтип кете албай жатышкандар үчүн атайын бөлүнгөн Краби шаарынын төрт мейманканасынын  бирине жаткырышты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button