Дүйнө

20 миллион эл ачарчылыкка учурады. Чымчыктай болгон чегирткелердин чабуулу (видео)

The Washington Post  басылмасынын корреспонденти Макс Беарак, акыркы айлардын ичинде Чыгыш Африканын башына түшкөн  оор мүшкүлдүн масштабын видеого тартып алган. Роликте Кениянын борбордук  бөлүгүндөгү  Ололокве тоосунун этегинде чөл чегирткелеринин (саранча) асман бетин бербей кара жабырга болуп учуп бараткан учуру көрсөтүлгөн.

Кениянын епископу «библиялык чума» деп жазган, бул макулуктардын миграциясы (жер которушу) январдын башында эле башталган. ООНдун (БУУ) Тамак-аш жана айыл чарбасы уюмунун эсеби боюнча, чегирткелердин  чабулуунун натыйжасында, Кенияда эле бир миллионго жакын адам тамаксыз калган.   

Бирок Кения чегирткенин зыянкечтигинен жабыр тарткан жалгыз өлкө эмес.Бул макулуктар  Эфиопиянын, Сомалинин, Түштүк Судандын, Уганданын жана  Танзаниянын эгинин түп орду менен жеп жок кылган. Натыйжада, жалпысынан,  олуттуу тамак-аш кризисине (ачарчылыкка) 20,2 миллион киши учураган.

Чегирткелердин тарашына көпкө созулуп жаткан өтө нымдуу сезон шарт түзүүдө. «Чөл чегирткеси тез жер которууга жөндөмдүү дүйнөдөгү өтө зыяндуу макулук болуп саналат […] Уюмдун баасы боюнча, эгерде бул зыянкечтер менен күрөшүү күчөтүлбөсө, кийинки жаандуу сезондун ичинде чегирткелердин саны 20 эсе көбөйүп кетиши мүмкүн», – деп эскертишти эксперттер.

https://youtu.be/uW_u_hBpTtM

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button