Немец медиктери жылаңачтанып протест уюштурушту. Аларды коргоочу каражаттар жетишсиз (фото)

Немец медиктеринин тобу жылаңачтанып алышып сүрөткө түшүшүп, Бүткүл дүйнөлүк Желеге чыгарып коюшкан. Алардын жылаңач протесттин, 29-апрелде Новости Mail.ru жарыялады.
Ушундай жол менен медкызматкерлер COVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жаткан учурда, аларды коргой турган каражаттардын жетишсиздигине нааразылыгын билдиришти. Күн сайын булардын катары жаңы кошулган коллегаларынын саны менен өсүүдө.
«Биз — жалпы практикалаган силердин врачтарыңарбыз. Силер менен коопсуз алакалашуу үчүн биз коргоочу костюмдарга жана саясий колдоого муктажбыз. Эгер ушул арзыбаган нерсе бизде бүтүп калса, анда биз ушундай көрүнөбүз», — деп жазышты медиктер #blankebedenken («жылаңач проблема») флешмобунун бетинде.


Фотодо кээ бир медиктер табличка көтөрүп алышкан. «Мен жараттарды тигүүнү үйрөнгөм. Эмне үчүн анын ордуна мен беткап тигишим керек?» — деп жазылган табличкалардын биринде.
Беткаптардын, коргоочу көз айнектердин, мээлейлердин жана сактоочу кийимдердин жетишсиздиги көптөгөн өлкөлөрдүн медиктеринин өтө олуттуу маселесине айланды. Немец медиктери, марттын аягында биринчи болуп «жылаңач протест» баштаган Франциялык үй-бүлөөлүк врач Ален Коломбинин таалиминен шыктанышкан.

Abal.kg



