Коом
Коронавирус. 28 адамдан аныкталып, бир адам көз жумду

Акыркы бир суткада Кыргызстанда жуктургандардын катарына 28 адам кошулду. Жалпы 871ге жетти. Жаңы жуктургандардын ичинен 5 адам чет жактан келгендер болду. Алардын ичинен Тажикстандан келген 3 студенттен жана Дубайдан келген экөөнөн вирус чыккан.
Жаңы катталгандар:
Бишкек – 16
Чүй – 2
Жалал-Абад – 6
Баткен – 4
Бир аял бул илдеттен каза болду, жалпы көз жумгандардын саны 12 киши болду.
Abal.kg