Кокус, маалында баамдабасаңыз – коркунучтуу жырткыч сизге кол салат (тест)

Мынабул ажайып кооз токойдун ичинде турган үйлөрдү карагылачы. Көңүл уютат, чиркин. А бирок, бул жер өтө коркунучтуу. Так ушул чөлкөмдө, адамга кол салууга даяр турган жырткыч бар – аюу. Көңүлүңөрдү дароо бир жерге топтоп туруп, 1 минутта тапкылачы, коркунучтуу жырткычтын каякта турганын.

Албетте бул үйлөр жашоо үчүн ылайыкталган эмес. Тек гана туристтер көрүү үчүн сакталып турушат. Алар эчак эле токойдун пейзажына жуурулушуп кетишкен. Бирок, мындай, мурдатан тааныш эмес жерде дайыма этиеттик керек. Коркунуч бар экенин эстен чыгарбоо зарыл.
Кыязы, мынабул килейген аюу сүрөткө кокусунан түшүп калса керек.Турист аны атайылап тартып алган эместир. Бирок, өзү баамдабаганды, фотообъектив илип алган.

Эмне болсо дагы, көңүлүңөрдү бир жерге топтоп туруп, коркунуч келтирчү абалды алдын ала баамдай турган баамчыл экениңерди көрсөткүлөчү. Өзүңөрдүн эле баамчылдыгыңарды текшербей, ага-тууган, жоро-жолдошторуңарды кошо сынап көргүлөчү.
Эгер фотодон аюну таба алсаңыз – баамчылдыгыңызга баракелде! Сиз коркунучтан кутулдуңуз! Демек, керектүү учурда көңүлүңүздү бир жерге топтогонго кудуретиңиз жетет экен! Баамчылдыгыңыз, сезгичтигиңиз сизди ар дайым коркунучтан сактап кала алат!
А кокус таба элек болсоңуз, анда жообун караңыз:

Abal.kg