Дүйнө

Пандемия. Туберкулёз бейтаптарына дагы 6 миллион киши кошулушу мүмкүн (видео)

Коронавирус пандемиясынын фонунда адамзатка туберкулёз сыяктуу оорунун активдүү жайылышы коркунуч туудурушу ыктымал. «ТБны токтотобуз» эл аралык өнөктөштүгүнүн баалаганына караганда, 2025-жылы туберкулёз менен ооругандардын саны дагы 6 миллондон ашык көбөйүп  кетиши мүмкүн. Бул туурасында 7-майда Euronews  кабарлады.

Бул биринчи кезекте карантин режими жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн чектелгендигине байланышкан, -деп түшүндүрдү «ТБны токтотобуз» өнөктөштүгүнүн жетекчиси Лусика Дитиу:   «Үй шартында изолияция болуу учурунда адамдарда медициналык борборлорго барганга мүмкүнчүлүк да каражат да  жок. Алар диагностикадан өтүп, дарыланууга кайрылуучу жерлер өтө аз калды. Анын башкы себеби —  туберкулёз менен алектенишкен биздин коллегаларыбыздын көбү – негизинен өпкө оорулары, же инфекциялык дарттар менен иштешкен адистер. Алар азыр өздөрүнүн медайымдары жана лаборанттары менен COVID-19га каршы алдыңкы катарда күрөшүп жатышат».

«ТБны токтотобуз» өнөктөштүгүнүн маалыматтары боюнча, эгер бул тенденция негативдүү өнүгүүгө дуушар болсо, анда  2025-жылга карата  туберкулёздон каза тапкандардын саны бир жарым миллионго чейин өсүп жетиши мүмкүн. Эксперттер карантин аяктаар замат эле туберкулёзго каршы болгон күчтү активдештирүү керек деп жатышат.

https://youtu.be/tRw5lwhZaNI

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button