Маданият

Ырчы Анжелика калпакчан, табышмактуу бойдок жигитин көрсөттү (фото)

Кыргыз эстрада ырчысы Анжеликанын жеке жашоосу дайыма коомчулукка кызыгуу жаратып келет. Кечээ ал Инстаграм баракчасына калпакчак мырза менен унаанын ичинде отурган сүрөтүн жүктөп:

“Жеке турмушумду эч качан ачыкка чыгарбайм. Ичи өрттөнүп, жеке турмушун эптей албай, ушак чыгаргандар айтпаганды айта берсин. Эки бойдок бири-бирин тапты! Болду!”- деп жазды.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында Анжелика айымга бир казак жигит 502 роза гүлүн берип, колун сураганы, ырчы айым ага “макул” деп жооп бергени тууралуу айтып чыккан эле.

Азыр ырчы айым тапкан бойдон жигит  ошол 502 роза берген мырзабы же башкабы табышмак бойдон калууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button