“Бул шүмшүккө ишенбегиле, бул фейк” дешти эксперттер
Россиянын Тюмень областынын COVID-19ду алдын алуу ыкчам штабы соцжеледе тарап жаткан арактын пары менен дем алып коронавирустан айыктым деген роликке баа берди. Бул туурасында Vazhno.ru маалымдады.
Ал видероликте өзүн Александр Колосов деп атаган бир белгисиз эркек 20 жылдан бери Италияда врач экенин, арактын пары менен бат-баттан дем алып бир күндүн ичинде коронавирустан кутулганын айткан.
«Бул фейк», — деп дароо эскертишти тюмендин штабында.
Алар россиялыктарды расмий маалыматтарга гана ишенгиле, ал эми каяктагы бир караниет шүмшүктөрдүн айткандарына ишенип, өз өмүрүңөрдү коркунучка салбагыла, деп айтышты. Кокустан оорунун белгилери пайда болсо, дароо врачтарга кайрылгыла деп кеңеш беришти.
Эскерте кетсек, мындай “адистер” пандемия башталгандан бери ар түрдүү жомокторду ойлоп табышып, адамдардын башын айлантышууда. Эгер, бул шүмшүктөрдүн айтканы чын болсо, анда адамзат булардын “методу” менен бейтаптардын баарын бир күндө куландан соо кылып дарылап салбайт беле?!. Бүгүнкү күндөгүдөй зыян тартат беле?!. Илимий негизи жок, адамдардын өмүрү менен ойногон мындай жуликтерге таптакыр ишенүүгө болбойт!
Abal.kg



