Коом
Кыргызстан жана Казакстан чек ара аркылуу жүктөрдүн эркин өтүүсүн камсыздоо боюнча чараларды кабыл алууну макулдашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри Бахыт Султанов мамлекеттик кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп турган оор жүк ташуучу унаалардын маселесине байланыштуу видеоконференцбайланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматк ылайык, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан жана Казакстан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдүн эркин өтүүсүн камсыздоо боюнча чараларды кабыл алууну макулдашты.



